Жумага караган түнү Одесса орус армиясынын жапырт соккусуна кабылды. Украинанын Чукул кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, орусиялык дрондор шаардагы ондогон жайга чабуул койгондо өрт тутанды, 10 киши, арасында куткаруучулар жараланды. Кийин прокуратура бир киши набыт болгонун билдирди.
Пилотсуз учактардын бири тийген төрт кабат үйдү өрт чалды, тургундарды куткарууга үлгүрүштү, бирок үч өрт өчүрүүчү жаракат алды.
Ошондой эле 23 кабат турак жайдын өйдөкү кабаттарында өрт болду. Ал жактан 600 кишини эвакуациялашты.
Жергиликтүү жетекчилик үйлөрдөн тышкары административдик имараттар, темир жол вокзалынын инфраструктурасы зыян тартканын билдирди.
Орусия түнкү чабуулду комментарийлеген жок. Буга чейин болгон ушул өңдүү соккулардан кийин алар аскердик өнөр жай ишканаларын бутага алганын айтып келишкен.
Харьковдо дрон чабуулунан төрт киши жабыркаганы маалымдалды. Бардыгы болуп, Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, 86 пилотсуз учак учурулуп, алардын 70и атып түшүрүлдү. Буга чейинки күндөрдө украин аймагы мындан көп дрондор менен аткыланган.
Турак жайлар талкаланып, карапайым кишилер каза таап жатканы менен Москва бутага аскердик жайларды алганын айтып келет.
Шерине