Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Израилдин соккусунан Ирандын кайсы генералдары каза тапты?


People attend an anti-Israeli protest in Tehran carrying portraits of generals and nuclear scientists killed in the Israeli strikes on Iran on June 13, 2025.
Израилдин Иранга жасаган аба соккуларында өлтүрүлгөн генералдардын жана илимпоздордун сүрөттөрүн көтөрүп турган адамдар. Тегеран, Иран.

Израил 13-июндан бери Ирандын өзөктүк объектилерин, баллистикалык ракета чыгарган ишканаларын, бул жаатта иштеген илимпоздорду бутага алып, сокку урууда.

Тель-Авив муну Тегерандын атомдук курал жасоосуна жол бербөө максаты катары түшүндүрдү. Бул аралыкта Ирандын бир катар генералдары өлтүрүлдү. Алардын кеминде үчөө Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлү болгону айтылууда.

Төмөндө алар тууралуу маалыматка көз чаптырсак.

Хоссейн Салами

Hossein Salami, Commander of the Islamic Revolutionary Guard Corps

Генерал-майор Хоссейн Салами 2019-жылдан бери Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) башкы командачысы болгон.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомуна ылайык, Салами 2006-жылдан бери "Ирандын баллистикалык ракета программасына катышканы" үчүн эл аралык санкцияга илингендердин катарында.

Муну менен катар АКШ, Канада, Швейцария, Австралия жана Жапониянын санкциялар тизмесине да киргизилген.

Мохаммед Багери

Iranian Military Chief of Staff General Mohammad Baqeri meets with Turkish Chief of Staff General Hulusi Akar (not seen) in Tehran, Iran October 2, 2017.

Генерал-майор Мохаммад Багери Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн штабын 2016-жылдан бери жетектеп келген. Жогорку лидер Аятолла Али Хаменейиден кийинки армиядагы таасири күч фигура болгон.

Багери Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун (IRGC) жетектегенге чейин бир канча кызматтын тепкичти басып өткөн.

Ал башында турган корпус аскердик пландаштыруу, операциялар, чалгындоо, жашыруун жана ар түрдүү аскердик аракеттер жана ички коопсуздукка көз салчу. Ирандын Сакчылар корпусу АКШда расмий түрдө террордук уюм катары таанылган.

Голям-Али Рашид

Iran -- Major general Gholam Ali Rashid is the current commander of Khatam-al Anbiya Central Headquarter and former deputy chief of the General Staff of Armed Forces of the Islamic Republic of Iran.

Генерал-майор Гулам Али Рашид Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары, өлкөдөгү абройлуу аскер жетекчилеринин бири.

2015-жылдан тарта "Хатам-аль-Анбия" борбордук штабын жетектеген.

Штаб Ирандын армиясындагы эң жогорку операцияларды жүргүзчү аскердик бөлүк. 2016-жылы Башкы штабдан бөлүнүп чыгып, операциялык башкаруу жана көзөмөл жүргүзүү милдетин өзүнө алган.

Амир-Али Хаджизаде

Amir Ali Hajizadeh, commander of Aerospace Force of IRGC

Амир Али Хажизаде - 2009-жылдан бери Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрүн жетектеген. АКШнын санкциясына 2019-жылы илинген.

Хажизаде Ирандын ракета жана дрон жасоо программасында, Израилге каршы акыркы операцияларда маанилүү роль ойногон.

Ал 2020-жылдын январында түз эфирден Ирандын Сакчылар корпусу Украинанын эл аралык каттамдагы учагын атып түшүргөнүн моюнуна алгандан кийин таанымал болгон.

Мехди Рабани

Бригадалык генерал Мехди Рабани 2016-жылы Иран Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын операциялар боюнча төрагасынын орун басары болгон.

1980–1988-жылдагы Иран-Ирак согушунда Сакчылар корпусуна (IRGC) кошулуп, кийин корпустун операциялар боюнча жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Кийин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына өткөн.

Голамреза Мехраби

Голамреза Мехраби Иран куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын чалгындоо боюнча жетекчисинин орун басары. Башка ирандык аскер чалгынчыларындай эле мурда-кийин коомчулуктун көзүнө илинген эмес. Аскердик кызматка 2013-жылы киришкен.

Давуд Шейхиян

Бригадалык генерал Давуд Шейхиян Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аэрокосмостук күчтөрүнө караштуу абадан коргонуу бөлүмүнүн командачысы.

Анын кызматка дайындалган датасы расмий документтерде көрсөтүлгөн эмес. 2024-жылдын ноябрь айына чейин бул бөлүмдүн командачысынын орун басары катары эмгектенген.

Масуд Шанеи

Генерал Масуд Шанеи Ирандын сакчылар корпусунун башкы командачысы Саламинин штаб башчысы болгон. Бул киши тууралуу маалымат аз. Иран медиасынын билдирүүсүндө ал каза тапкан учурда Саламинин жанында болгон.

XS
SM
MD
LG