Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Ирандын тышкы иштер министри европалык башкы дипломаттар менен жолугушууда


Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчи БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде. Женева, 20-июнь 2025-жыл.
Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчи БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде. Женева, 20-июнь 2025-жыл.

Женевада Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчи менен жолугушуп жатат. АФП агенттиги маалымдагандай, анын алдында Тегерандын өкүлү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөдү. Ага сөз берүү планы Израилдин БУУдагы туруктуу өкүлү Даниэл Мерондун нааразылыгын жаратканы буга чейин кабарланган.

Маалыматка караганда, Аракчи Израил өзөктүк программа боюнча АКШ менен «дипломатиялык жараян жигердүү жүрүп жаткан» маалда Иранга кол салганын айтты. Министр ал процесс «үмүт тартуулаганын» белгиледи.

Аракчи ошондой эле Израилдин чабуулун «агрессия акты», "БУУнун хартиясын одоно бузуу" деп атады.

Рейтер агенттиги израилдик элчинин нааразылык катынан үзүндү келтирди.

«Ирандын тышкы иштер министрине сөз берүү Адам укуктары боюнча кеңештин аброюна шек келтирет жана ал режимдин дүйнөдөгү бардык курмандыктарына карата чыккынчылык кылууга тете», - деп айтылган кайрылууда.

Мерон Аракчи менен кездеше турган европалык делегацияны «Ирандын баллистикалык ракеталар арсеналын жок кылууну» жана ал өлкөнүн «аймактык террордук ишмердигин токтотууну» талап кылууга үндөдү.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн, андан баш тартпай турганын айтууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG