Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Франция соту Павел Дуровго өлкөдөн чыгууга уруксат берди


Павел Дуров.
Павел Дуров.

Франциянын соту Telegram социалдык тармагынын ээси Павел Дуровго өлкөдөн чыгууга убактылуу уруксат берди. Бул тууралуу Agence France-Presse басылмасы булактарына таянып жазды.

Журналисттердин айтымында, тергөө соту Дуровду өлкөдөн “бир нече жумага” чыгууга уруксат берген жана ал мындай мүмкүнчүлүгүн 14-июнда колдонгон.

Учурда ал соттун көзөмөлүндө турат жана бир нече жолу ага өлкөдөн чыгууга уруксат берилген эмес. Анын ичинде инвесторлор менен жолугушууга жана Ослодо өтүүчү “Эркиндик форумуна” катышууга да тыюу салынган.

Le Monde басылмасы жазгандай, июль айынан баштап Дуровго Бириккен Араб Эмираттарына эки жумага чейин үзгүлтүксүз чыгып турууга уруксат берилген. Ал мындай сапарлары жөнүндө тергөө судьясын алдын ала кабардар кылууга милдеттүү.

Дуров 2024-жылдын август айынан бери соттун көзөмөлүндө. Анын үстүнөн Telegram платформасы аркылуу мыйзамсыз контенттин жайылышына байланыштуу бир нече кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат. Тергөө органдарынын маалыматында, ал бул иштерге шериктеш катары катышкан, анткени мессенжер мыйзамсыз материалдарды талаптагыдай көзөмөлдөгөн эмес жана тиешелүү органдардын өтүнүчтөрүн четке какканы айтылууда. Дуров бул айыптоолорду четке каккан.

Telegram компаниясы Дуровдун чет өлкөгө чыгуусуна байланыштуу соттун чечимин комментарийлеген жок. Agence France-Presse агенттигине компания бул боюнча өзүнчө билдирүү жарыялай турганын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG