Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

"Мээнет талаага кетти". Медиа өкүлдөрүн нааразы кылган ЖМК мыйзамы


Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 16-июндагы жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды.

Бирок журналисттер аталган мыйзам долбоордо бир катар жоболор катаалдашканын билдирип, бул өлкөдө сөз эркиндигин чектөөнү күчөтөрүн айтууда. Мыйзам долбоорунун өкмөт сунуштаган варианты президент Садыр Жапаровдун сунушу менен журналисттердин катышуусунда кайра иштелип чыгып, парламентке берилген.

Мээнет текке кеттиби?

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 2-3-окууда бир кабыл алган мыйзам долбоорун эң башында өкмөт сунуштаган. Бирок журналисттер жана жарандык коом мыйзам долбоору "сөз эркиндигин чектейт" деген жүйө менен каршы чыгышкан.

2024-жылы март айынын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилерине жолугуп, ЖМК менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Көп өтпөй мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору артка кайтарылган.

Долбоор артка кайтарылгандан кийин аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү, эркин журналисттер, юристтер кирген жумуш тобу түзүлгөн.

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү ошондой эле жумуш тобунун иши ачык кылынып, берген сунуштары эске алынышы керектигин айтышкан.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков баштапкы долбоордогу ЖМКларды каттоо жана "сөз эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануу", "согуштук же өзгөчө кырдаал учурунда сөз эркиндигин конституциялык мыйзам менен чектөө" сыяктуу кооптуу жоболор медиа коомчулуктун каршылыгын жаратканын белгиледи:

Нурдин Дүйшөнбеков
Нурдин Дүйшөнбеков

"Бизди мына ушул сыяктуу жоболор кабатыр кылып, сындап чыкканбыз. Анда журналисттердин жоопкерчилигин күчөткөн беренелер бар болчу. Журналист же ЖМК кайсы бир саясатчы же башка жарандын айткан сөздөрүн жарыялаганы же бөлүшкөнү үчүн деле жоопко тартылмак. Жумушчу топко киргенде биз бул кооптуу жоболорду сөз эркиндигин чектебей тургандай, эл аралык нормаларга ылайыктап, жазып чыкканбыз".

Бир жылдан ашуун убакыт иштеген жумуш тобунун мээнети текке кеткенин анын мүчөсү, журналист Кайыргүл Урумканова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Эки жылга жакын медиа коомчулук күрөшкөн иштин баары таштанды кутусуна ыргытылды”, - деп жазды ал.

Эмне өзгөрдү?

Парламент комитети 16-июнда жактырган вариантка өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш деген норма киргизилди.

Жалпыга маалымдоо каражатынын түзүүчүсүнө байланыштуу бир катар талаптар коюлган.

Мындан тышкары 13-берененин 3-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын юстиция органдары каттоо жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып жалпыга маалымдоо каражаты катталды деп эсептелет” деген нормага “ушул күндөн тартып маалымат жайылтуу укугуна ээ болот” деген талап кошулган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы көрсөтүлгөн. Мурдагы долбоордогу “менчик ээси” деген сөздөр “уюштуруучу” деп өзгөртүлө турган болду.

9-беренедеги 1-бөлүк (“Кандай болбосун уюштуруу-укуктук формадагы жеке жак же юридикалык жак жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу боло алат”) алып салынды.

"Жумуш тобу даярдаган версияга кайтуу - жалгыз оң чечим болот"

Топтун мүчөсү, юрист Таттуубүбү Эргешбаева буга чейин дал ушул нормаларга медиа коомчулук нааразы болуп, президенттин сунушу менен жумуш тобу макулдашкан версияны иштеп чыкканын, бирок депутаттар эч талкуусуз мыйзамды катаалданткан нормаларды киргизип салганын айтууда:

Таттуубүбү Эргешбаева
Таттуубүбү Эргешбаева

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзам долбоору 2022-жылдан бери иштелип чыгып келген. 2024-жылдын март айында президенттин жарлыгы менен атайын жумуш тобу түзүлгөн. Ага медиа тармактын өкүлдөрү, эксперттер жана мамлекеттик органдар кирген. Мен өзүм да бул топтун мүчөсү болдум. Натыйжада бардык тараптардын пикирлерин эске алган мыйзам долбоорунун алтынчы версиясы даярдалган. Бул версия парламентте биринчи окуудан өтүп, тең салмактуу жана кабыл алууга боло турган редакция катары бааланган. Бирок 2025-жылдын 16-июнунда Социалдык саясат боюнча комитет экинчи окууда мыйзам долбооруна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Алар бардык веб-сайттарды жана санарип платформаларды ЖМК катары милдеттүү түрдө каттоону сунушташты, ошондой эле чет элдик жарандардын жана компаниялардын ММК түзүүгө катышуусуна тыюу салуу жана мамлекеттик органдардын редакцияларды токтотуу же жабуу ыйгарым укуктарын кеңейтүү чараларын киргизишти. Бул сунушталган өзгөртүүлөр Конституцияга жана сөз эркиндигин коргогон эл аралык стандарттарга каршы келет. Ушуга байланыштуу, жалгыз туура чечим — жумуш тобу даярдаган алтынчы версияга кайтуу. Бул редакция мамлекеттин кызыкчылыктары менен жарандардын өз оюн эркин билдирүүгө болгон укуктарын тең салмакта кармаган мыйзамдык негизди түзгөн".

Таттуубүбү Эргешбаева бул пикирин Фейсбуктагы баракчасына да бөлүштү.

Эми комитет жактырган мыйзам долбоору жакынкы күндөрү парламенттин жалпы кароосуна чыгышы мүмкүн.

Кыргызстанда соңку жылдарды медиа жана журналисттерге байланыштуу бир нече мыйзамдар кабыл алынган. Тагыраагы, быйыл апрелде кыргыз өкмөтүнүн интернеттеги жоопкерчиликти күчөтүп, фейк-аккаунттар аркылуу жалган, анык эмес маалыматтарды таратууну жана мамлекеттин, адамдын, уюмдардын кызыкчылыктарына каршы аракеттерин чектөө үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алган.


Буга чейин да интернеттеги билдирүүлөргө тиешелүү бир катар мыйзам кабыл алынган. 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам ишке кирип, анда эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлары жазылган. Айрымдар бул норма фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтып келет.

Быйыл жыл башында да интернеттеги билдирүүлөр боюнча жоопкерчиликти күчөткөн дагы бир мыйзам ишке кирген. Анда кайсы бир адамды “мазактоого, кадыр-баркын кемсинтүүгө” же “жалаа жабууга, ал жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таратууга” тыюу салынып, айып пул каралган.

Дал ушул демилгелерден улам медиа коомчулук жана бир катар эл аралык уюмдар өлкөдө сөз эркиндигине олуттуу тоскоолдуктар жаралганын белгилеп, бийликти мындай демилгелерден баш тартууга чакырып келет. Расмий бийлик сунушталган мыйзамдарды тармакты иретке салуу аракети деп, өлкөдө сөз эркиндиги бар деген позицияны кайталап келүүдө.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG