Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Нобел сыйлыгынын ирандык лауреаттары Мохаммади менен Эбади согушту токтотууга чакырышты


Наргиз Мохаммади. Архив
Наргиз Мохаммади. Архив

Нобел сыйлыгынын аял лауреаттарынын демилгеси деген уюм Израил менен Ирандын ортосундагы аткылашууну токтотууга үндөдү. “Израилдин эл аралык мыйзамды бузуусунан башталган согуш эбегейсиз азап чегүүгө алып келди жана регионалдык, глобалдык жаңжалга айланашы мүмкүн”, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Нобел тынчтык сыйлыгынын аял лауреаттары тараптарды диалог жолун тандоого чакырышты.

2023-жылкы лауреат Наргиз Мохаммади Ирандагы абактан: “Карапайым адамдар кымбат баа төлөп жатышат – жакындарынан айрылып, үйлөрү бүлүнүп, үй-бүлөлөрү жер которууга аргасыз. Иран эли экономикалык каатчылыкка учурап, коркуу сезими күчөп жатат”, - деген кайрылуусун жөнөткөн.

2003-жылы Нобел тынчтык сыйлыгына татыган ирандык укук коргоочу Ширин Эбади жарандык активисттерге кошулуп, жайкын адамдарды өлтүрүүнү, уран байытуу жараянын токтотууну, Ирандагы жана Израилдеги маанилүү инфраструктурага сокку урууга чекит коюуну, адам укуктарын урматтоону, башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылды.

Канадада жайгашкан уюмду 2006-жылы Нобел тынчтык сыйлыгынын алты аял лауреаты негиздеген. Демилге адилеттүүлүк, тынчтык жана тең укуктар үчүн күрөшкөн аялдардын топторун колдошот.

Шаршембиде Ирандын Саламаттык сактоо министрлигиндеги булак соккулар башталгандан бери 585 кишинин өмүрү кыйылганын, 1326 киши жараат алганын билдирди.

Израилдин чукул кырдаалдар департаментинин ошол эле күнкү маалыматында, Ирандын аткылоосунан 26 тургун каза таап, 1300дөн ашууну жарадар болгон.

Израил 13-июнда Ислам жумуриятына сокку урганда Тегерандын өзөктүк жайларын бутага алганын билдирген. Иран ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган.

Тегеран тынч максаттарды көздөгөн атомдук программасынан баш тартпай турганын айтууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG