Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Кыргызстанда "Е-Дипломат” мекемеси түзүлүүдө


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Тышкы иштер министрлигинин алдында "Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 19-июнда жарыяланды.

Мекеменин ачылышы тышкы миграция чөйрөсүндөгү жөнгө салуу системасын, уруксат берүү жана визага байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртат деп көрсөтүлгөн.

Жарлыкка ылайык, мекеменин чыгымы Тышкы иштер министрлигинин эсебинен каралат жана бул үчүн мекемеге жаңы 40 штаттык бирдик кошулат.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин маалыматында, быйылкы жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG