Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасы Бишкектеги жарык өчкөнүнүн себебин түшүндүрдү


“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы Бишкек шаарында 18-19-июнь күндөрү жарыктын жапырт өчкөнү боюнча түшүндүрмө берди.

Ишкананын директору Алтынбек Рысбеков бул кыш мезгилине даярдык катары оңдоо иштерине байланыштуу экенин түшүндүрдү. Айрым электр линияларынын өткөрүү кубаттуулугу жетишсиз болуп, жарык өчүп калган.

Алдын ала маалыматка ылайык, 220 киловатт чыңалуудагы Кара-Балта жана Главное зымдарынын өчүп калганынан улам борбор калаа жарыксыз калган.

“Учурда өлкөдө энергетикалык система штаттык режимде иштеп жатат. Күнү-түнү байкоо жүргүзүп жатабыз. Өзгөчө жогорку температура шартында керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүдөбүз”, - деди Рысбеков.

18-июнда түшкө жуук Бишкектин көпчүлүк аймагында жарык өчкөн. Жарым саатка жетпеген убактан кийин электр энергиясы кайра бериле баштаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG