14-сентябрда Дыйкан-Кара-Кече жолуна түшкөн жер көчкү дагы эле токтой элек. Адистер Жумгалдагы кырсыкка экосистеманын бузулушу себеп болгонун айтышууда. Анткени Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жок болгондуктан көмүр ар кайсы жерден казылууда дешет. Ошондой эле көмүр казган компаниялар кенден чыккан
Шайлоого аттанган партиялар элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат.
"Айылдык кыз - Village girl" долбоору Талас облусунун Аманбаев айылындагы 9-10-класстын окуучуларына тренинг өткөрдү.
Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары бүгүн, 1-сентябрда парламенттин алдында нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.
«Кыргызстан» партиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ортосундагы талаш-тартыш Жогорку сотко жеткени калды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Кыргызстан» партиясынын документин артка кайтаруу тууралуу чечим туура болгонун дагы бир жолу кайталады.
27-августта Бишкектин административдик соту “Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуу боюнча арызын канаттандырды. Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын буга чейинки партияны шайлоодон четтеттүү тууралуу чечимин мыйзамсыз деп тапты.
«Кыргызстан» партиясына байланышкан акыркы окуя Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишине сын-дооматты күчөттү. Боршайкомдун партиянын документтерин кабыл алуу боюнча берген карама-каршы маалыматтары мекеменин ичиндеги уюштуруу иштери тууралуу маселени козгоду.
Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында коомдук жайда тамеки тартууга каршы акция өттү. Анын алкагында уюштуруучулар бактын айланасына 10 даана эскертүү тактайчасын орнотушту. Акциянын максаты - сейил бактарды тамекисиз эс алуу аймагына айландыруу.
"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев 25-августта Бишкекте басма сөз жыйын куруп, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документ тапшырууга байланышкан чыр тууралуу маалымат берди.
Кыргызстандын экс-президенти, төрт жолку тышкы иштер министри, АКШ менен Канададагы жана Улуу Британиядагы элчиси болгон Роза Отунбаева жетимиш жашка чыкты. Отунбаева Борбор Азия менен КМШ өлкөлөрүндө алгачкы аял президент катары таанымал.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларус элчисинен жаңы шайланган президент Александр Лукашенконун кыргыз экс-премьер-министри, сыртынан соттолгон Данияр Үсөнов менен жолукканына түшүндүрмө талап кылды. Жолугушуу учурунда Александр Лукашенко Урицкийге "Даниияр" деп кайрылган.
Кыргызстандык балбан кыздары карантинде айылга барып, талаада машыгууга муктаж болушту. Элетте атайын шарт жана спортко керектүү шаймандар жок болгондуктан кыздар таш көтөрүп чуркап, балка менен дөңгөлөк чаап машыгып жаткан учуру. Соңку жылдары кыздар арасында күрөшкө кызыккандар көбөйдү. Машыктыруу
Жаш дарыгер Жаныбек Мырзабеков Улуттук госпиталда пневмония менен ооругандарды дарылап жатат. Кесиби боюнча уролог болгондуктан бул ооруга чалдыккандарды дарылоо Жаныбек үчүн да, анын командасы үчүн да оор болууда.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенттери Бишкектин сыртындагы мурдагы "Ганси" аба базасында жайгашкан стационарда өз ыктыяры менен адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп, бейтаптарды дарылап жатышат. Медиктер белгилегендей, ал жерде 1000ге чукул бейтап бар.
Ал "Азаттыктын" кабарчысына Оштогу ал күндөрдү эсеп, борбордогу азыркы жашоосун айтып берди.
2010-жылкы июнь окуясын чагылдырууда журналисттер жеке коопсуздугун тобокелге салып, коомчулукка маалымат таратып турушкан.
Соңку бир ай ичинде президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына үч иш сапар менен барды. Өлкө башчы келерин алдын-ала билген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызуу даярдык көрүштү.
Ушу күндөрү Азиянын 20дан ашык өлкөсүн жана Африканы чегиртке каптады.Тажикстандын эң ири дыйканчылык аймагы Хатлон облусундагы дыйкандар чегирткенин айынан ири зыянга учурап жатышат.
10-класстын окуучусу Акмөөр Арапова курбулары менен бирге айылына радио түйүн ачты. Алардын максаты - айылдаштарына коронавирус боюнча туура маалымат жеткирүү. Жалал-Абад облусундагы эң четки Кош-Болот айылында буга чейин радио болгон эмес.
16 жаштагы Айдана Субанбекова алты бир туугандын ортончусу. Ал бөбөктөрүн карап, жалгыз бой энесине жардамдашат. Айдана өзү курактуу балдарга ар кандай темадагы, өзгөчө кыздардын укуктарына арналган тренингдери өтөт.
Дагы жүктөңүз