Хоббисин бизнеске айланткан нарындык флорист. Карантинде кесибин өзгөрткөн музыкант. Өгүз таптап, жер айдаган тоолук дыйкандар. Көл үстүнө калкыма пирамида мейманкана кургусу келген ардагер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Бир үйдө кайненеси, келини жана неберелери менен жашаган Дамель Исмаилова - айыл активисти. Ал айылдаштарына үй-бүлөнү бекемдөө, кайнене менен келин ортосундагы мамилени чыңдоо жана түшүнүүгө үгүттөгөн иштерди алып барат.
Тажикстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен коронавирустан өлгөндөрдүн саны жагынан биринчи орунга чыкты. Москвада карантинде иштеген өзбекстандык курьердин бир күнү. Пандемияда ресторанга барып тамактанууну жактыргандар үчүн француз инженери табылгасын сунуштады.
Айгүл Бекбаева кесиби боюнча модельер.Төрт баласын жалгыз багып жаткан эне ушул тапта үйүнөн буюртма алып, аны велосипед менен кардарларына жеткирип жатат. Айгүл Бекбаева карантинде өзгөчө тигүү тармагында иштеген кыз-келиндерге оор болгонун айтууда.
Айпери Кудайбергенова Бишкектеги президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын медайымы. Былтыр кышта Эл артисти Элмирбек Иманалиев да ушул жерде дарыланып жатканда Айпериге "өнөрүңдү өркүндөтүп, өз кесибиңди таштабай аркала" деп акыл айткан.
“Ый менен эмес, ыр менен узаталы!” деп замандаштары белгилүү акын Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатышты. 1-майда “Азаттык” радиосунун журналисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген калемдештери
Блогер Азиза Мурзашова социалдык тармактагы баракчасында апасы коронавирус илдетине чалдыгып, дарыланып жатканын жазып чыкты. Ал "Азаттыкка" Санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунда иштеген атасы вирусту апасына жугузганын жана бул үй бүлө башынан эмне өткөргөнүн баяндап берди.
Кыргызстанда өзгөчө абал киргенине байланыштуу коомдук жайлар менен катар спорттук залдар, стадиондор убактылуу ишин токтотту. Ушул жылдын июль айына белгиленген Олимпиада оюндары кийинки жылга жылдырылды.
8-апрелден тартып Кыргызстанда орто мектептин окуучулары аралыктан окуп жатышат.
Гүлзар Абдраимова медициналык беткап өндүрүүчү жабдууну Кыргызстанга он жыл мурда алып келген. Убагында уруксат кагаздары берилбей, иштебей калган. Коронавирус коркунучу күчөгөндө ишкерге өкмөт өзү кайрылган.
Ишкер Гүлзар Абдраимова медициналык беткап өндүрүүчү жабдыкты Кыргызстанга он жыл мурда алып келген. Уруксат кагаздарын берүү кечеңдегенде кол шилтеп, аны иштетпей койгон эле. Коронавирус коркунучу күчөгөндө ишкерге өкмөт өзү кайрылган. Учурда күнүнө 100 миң даана беткап чыгарып жатышат.
Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Буга байланыштуу көчөдө жүрүүгө болбойт.
Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Буга байланыштуу көчөдө жүрүүгө болбойт. Ага карабастан айрым адамдар үй-бүлөсүнө күнүмдүк азык-түлүккө каражат табуу үчүн иш издегенге аргасыз. Андай адамдардын кээ бири Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жалданып иштегендер турган жерге чыгып жатат. 31-мартта “Азаттык” радиосунун кабарчысы ал жерде тургандар менен маектешти. Өзгөчө абалга чейин ал жерде жумуш издеген ондогон адамдар турса, азыр саналуу гана адамдар келип жатыптыр.
Чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жүргөн мекендештердин айрымдары коронавируска байланыштуу жашаган жеринде бир нече аптадан бери карантинде. Алар үйдө отуруп, эмне менен алектенип жатканын бул видеодон көрүңүз.
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 вирусунан ар ким ар кандай коргонуп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары вирустун кантип алдын алып жатат?
Сексуалдык зордук-зомбулуктан жабыркаган америкалык киножылдыздардын "МиТу" кыймылы Голливуддагы мыкчыгер продюсер Харви Вайнштейдин узак жылдарга түрмөгө камалышына себеп болду.
Кыргызстанда азык-түлүктү массалык түрдө сатып алууга байланыштуу айрым жерлерде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик акыркы эки-үч күн ичинде ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.
Быйыл “Байчечекей” журналынын үзгүлтүксүз чыгып келатканына 42 жыл болот. Учурда ал 8-9 миң нуска менен туруктуу басылып келет. Бул суроолор боюнча Кыргыз эл акыны, “Байчечекей” журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов айтып берди.
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, адамдын кадыры, өмүрдүн, бакыттын баасы, рухий дүйнөнүн парасаты, даңазанын жүгү тууралуу ойлору менен бөлүштү.
"Messy Moment Media" компаниясынын директору, 25 жылдан бери жаратылышка байланыштуу даректүү тасмаларды дүйнөнүн булуң-бурчунан тарткан, "Эмми" сыйлыгынын сегиз жолку жеңүүчүсү Эндрю Ткач Кыргызстанга келип, Нарындагы Борбор Азия университетинде лекция окуду.
Дагы жүктөңүз