Түнкү чабуулдар уланды, Иранда дагы эки киши каза болду
Израил менен Иран 21-июнга караган түнү да бирин бири аткылоосун улантышты.
Израилдин борбордук райондорунда, анын ичинде Тел-Авивде абадан эскертүү берилип, кээ бир жерлерде жарылуу болгонун Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү тургундардын айткандарына таянып жазды. Тел-Авивде ракетанын сыныгы үйлөрдүн бирине түшкөнү, жалпысынан бул түнү Иран тараптан 10 ракета учурулганы, аларга каршы абадан коргонуу системасы иштеп жатканы кабарланды.
Чукул кырдаал кызматы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин үстүңкү бөлүгү өрттөнүп жаткан видеону көрсөтүп, буга атып түшүрүлгөн ракетанын сыныгы себеп болгонун маалымдады. Ракеталык аткылоо саат 2:30да башталган.
Анын алдында Тегеран Израил чабуулдарын токтотмоюнча өзүнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирген.
Израилди түнкү аткылоо аяктагандан кийин бул өлкөнүн армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын ракеталар жайгашкан “ондогон аскердик жайын бутага алганын” жарыялады. Мекеменин маалыматында, алардын арасында ракета жасалуучу ишкана, Тегерандагы өзөктүк курал иштеп чыгууга көмөктөшкөн изилдөө борбору жана Ирандын батышындагы, борбордук бөлүгүндөгү аскердик объектилер бар.
Дагы караңыз Израил-Иран жаңжалы: Араб өлкөлөрүн чочулаткан жагдайСоңку маалымат боюнча, Кум шаарында Израилдин соккусунан эки киши каза болду, төртөө жараат алды. Мерт болгондордун бири Ирандын ядролук программасына караштуу мекемеде иштегенин Jerusalem Post жазды. Кум провинциясында Ирандын эң ири жана мыкты корголгон өзөктүк жайларынын бири Фордо жайгашкан.
Ирандагы азыркы кырдаалга көз салып жаткан америкалык бейөкмөт уюм Human Rights Activists News Agency (HRANA) Израилдин чабуулдарынан жабыркаган ирандыктар боюнча соңку маалыматын жарыялады. 19-июнга карата каза болгондор 657 киши, жараат алгандар 2037 экенин маалымдаган уюм каза тапкандардын кеминде 263ү жайкын тургундар (көбү Тегеранда), арасында 20сы балдар экенин, мындан тышкары 230 маркум же аскер кызматкери, же катардагы жаран экени белгисиз болуп жатканын билдирди.
Иран бийлиги жабыркагандар боюнча расмий маалыматын жаңылай элек. 15-июнда 224 киши каза тапканын кабарлаган, арасында жогорку кызматтагы аскер жетекчилери жана өзөктүк программаны иштеп чыгууга катышкан белгилүү окумуштуулар бар экени айтылган.
Ал эми Израилдин расмийлери Ирандын соккуларынын 26 адам каза болгонун, 800дөйү жараат алганын бир нече күн мурда кабарлаган.
Башкы дипломаттардын жолугушуусу, Трамптын кайталап эскертүүсү
Ал тапта Женевада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин европалык башкы дипломаттар тобу менен жолугушуусу жыйынтыкталды. Франциянын, Улуу Британиянын, Германиянын жана Евробиримдиктин тышкы саясий мекемелеринин башчылары менен бир нече саатка созулган жолугушуудан кийин Тегеран ушундай эле форматтагы сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдирди.
АКШ менен бул маселе боюнча байланыш Израилдин бир апта мурда баштаган чабуулдарынан кийин үзгүлтүккө учураган. Аракчи Иран дипломатия жолуна агрессия токтор замат кайтууга даяр экенин айтты.
Бирок европалык министрлер Иранды сүйлөшүүлөрдү мындай шарт койбостон улантууга чакырышты. Франциянын тышкы саясий мекемесинин башчысы Жан-Ноэль Барро: “Биз Ирандын министрин бардык тараптар, анын ичинде Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө соккулардын токтошун күтпөстөн бара берүүгө чакырдык, ошого үмүттөнөбүз” деп айтты.
Европалык министрлер чыңалуунун улам курчуп баратышына тынчсыздануусун билдирип, эгер дагы жолугушуу зарыл болсо, ага катышууга даярдыгын, Иран өзүнүн ядролук программасын кеңейткени туура болбой турганын билдиришти.
Дагы караңыз "Башында уктабай, коркуп жүрдүк". Тегерандагы чабуулдарга күбө болгон ЖаркынАл эми АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар азыркы жаңжалга Израилди колдогон тарап катары катышар-катышпасы тууралуу акыркы чечимин кабыл алууга эки апта талап кылынарын 20-июнда да кайталады. Ал бул убакыт “адамдар эсине келеби же жокпу, көргөнгө жетиштүү болорун” айтты.
«Мен аларга [Иранга] убакыт берип жатам. Эки апта — эң чеги», — деди Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Трамп Вашингтон Иран менен Израилдин ортосундагы азыркы жаңжалга кийлигишеби, Иранга каршы сокку урабы же жокпу, чечимин эки апта ичинде кабыл аларын 19-июнда Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт билдирген.
Трамптын билдирүүсүндө Иран менен сүйлөшүү ыктымалдыгы бар экендиги, андай сүйлөшүү жакынкы келечекте же болушу, же болбошу мүмкүн экени, аракет көрүү же көрбөө чечимин ал эки апта ичинде кабыл алары белгиленген.
Вашингтон, Левиттин айтымында, Тегеран менен келишимде уран байытуу камтылбашы керек, Иранга өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилбеши зарыл деген турумду карманууда.
18-июнда Трамп Иран менен согушту каалабай турганын, бирок анын өзөктүк курал өндүрүшүнө тоскоол болорун билдирген.
Дагы караңыз Израилдин соккусунан Ирандын кайсы генералдары каза тапты?Өзөктүк программа талашы
Израил Иранга карата чабуулдарын күчөткөн шартта, 18-июнда өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи кайрылуу жасаган.
Ал АКШ президентинин шартсыз баш ийүү талабын четке кагып, Иран таңууланган согушка жана таңууланган тынчтыкка аягына чейин каршылык көрсөтөрүн билдирган:
Аятолла Али Хаменеи
"Албетте, бул аймактын саясатын жакшы билгендер үчүн АКШнын бул маселеге кийлигишүүсү толугу менен өзүнө гана зыян алып келерин түшүнүшөт. Анын кесепети Ирандыкынан алда канча оор болот. Эгер Америка бул жерде аскердик кийлигишүүгө барса, анын зыяны кайтарылгыс болуп калары талашсыз".
АКШ лидери Иран менен согушуу ниети жок экенин билдирди. Ошол эле кезде Дональд Трамп Тегерандын өзөктүк курал өндүрүшүнө жолтоо болуу үчүн мындай операцияларды жүргүзүүгө мажбур болушу мүмкүн экенин четке каккан эмес.
Дональд Трамп
"Мен деле аралашкым келбейт болчу, бирок 20 жылдан бери, балким андан да узак убактан бери Иранда өзөктүк курал болбошу керектигин айтып келатам. Тегеран документке кол коюшу керек болчу. Азыр алар муну каалап жаткандыр, анткени адилеттүү келишим болчу. Бирок азыр ага кол коюу оор болуп калды. Көп нерсе өзгөрүп кетти. Бирок мен дагы бир ирет кайталайм, Иранда өзөктүк курал болбошу керек. Анткени анын массалык жок кылуучу күчү абдан чоң. Алар аны колдонушат деп ишенем. Башкалар колдонбосо да, алар колдонушат деп ишенем".
Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөрүн, андан баш тартпай турганын айтып келет.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага ала баштаган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жакынкы Чыгыш: Чыңалган абал эмнеге алып келиши мүмкүн?