Вашингтон Ирандагы абал боюнча чечимин жакынкы эки апта ичинде кабыл алат

Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Вашингтон Ирандагы абалга кийлигишүү боюнча чечимди жакынкы эки жума ичинде кабыл алат. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын билдирүүсүн Ак үйдөгү брифингде окуп беришти.

Андагы маалыматка ылайык, эки жума деген мөөнөт сүйлөшүү өткөрүү ыктымалдыгын эске алуу менен аныкталды.

Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт сүйлөшүүлөрдө ким ортомчу болушу мүмкүн деген суроого жооп берген жок.

“Трамп Ирандагы режимди алмаштырууга кызыкдарбы?” деген суроого Левитт АКШ президенти Ирандын өзөктүк куралы пайда болбошуна кызыкдар деп жооп берди.

Ошондой эле Ак үйдүн өкүлү Трамп Ирандын маселесин дипломатиялык жол менен чечүүнү кааларын, бирок “күч колдонуудан да коркпой турганын” кошумчалады.

АКШ бийлигинин өкүлдөрү Иранда өзөктүк курал өндүрүү үчүн бардык шарттар бар жана эгер Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи кааласа, расмий Тегеран жакынкы апталарда атомдук куралга ээ болушу мүмкүн деп эсептейт.

Ошол эле маалда америкалык Улуттук чалгын кызматында Иран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген далилдер жок экенин 18-июнда MSNBC телеканалынын эфиринде Сенаттын чалгын комитетинин төрага орун басары Марк Уорнер билдирген. Демократиялык партиянын өкүлү Улуттук чалгын кызматы бул тууралуу 16-июнда сенаторлорду кабардар кылганын айткан.

Дагы караңыз

Израил менен Иран соккуларын улантууда, Трамптын чечими эки апта ичинде белгилүү болотБишкекте тез татымдан уулангандар 24 кишиге жетти"Тергөөсүз камаганы–кыйноо". Рита Карасартованын сотуна айыптоочу тарап келген жокНобел сыйлыгынын ирандык лауреаттары Мохаммади менен Эбади согушту токтотууга чакырышты