АКШнын соккусунан кийин Иран Израилге абадан чабуул койгону кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Reuters агенттиги Израилдин борбордук райондорунда жарылуулардын добушу угулганын жергиликтүү тургундарга таянып жазды.

Мунун алдында АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку ургандан кийин Тегеран Израилге ракеталык чабуулун баштаганын ЦАХАЛ билдирген.

Израилдин 9-каналы 25-35 ракета атылганын жана алардын сыныктары ондой аймакка түшкөнүн кабарлады. Канал чыгарган видеодо турак жайлардан көтөрүлгөн түтүндү көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматтарда аткылоодон жеңил жараат алгандар бар.

Хуситтердин саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бухейти Al Jazeera каналына курган маегинде “АКШга жооп – убакыттын маселеси” деп айтканын израилдик Ynet басылмасы жазды.

“Бизге же кайсы бир ислам өлкөсүнө каршы жасалган бардык агрессияга жооп беребиз. Араб жана ислам элдери буга чукул аракет кылышы керек, себеби АКШ жалпы Жакынкы Чыгышты өзгөрткүсү келип жатат”, -деди аль-Бухейти.

“Иран бизди согушка катышууга чакырган жок жана биз алар биздин аралашуубузду чакыруусун күтүп отурбайбыз”, - деп кошумчалады.

Дагы караңыз

Контракт менен окуган студенттерди да үч жылга чейин мамлекеттик ооруканаларда иштетүү сунушталдыТрамп аба соккуларынан кийин Иран "тынчтык келишимине келиши керектигин" эскерттиБУУнун баш катчысы АКШнын Иранга сокку урганын “кооптуу эскалация” деп атадыТашиев Ысык-Көл жээгиндеги ички жолдорду бүтүрүүнү тапшырды