Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 20-июнда Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды. Өкмөт тараткан маалыматка караганда, тараптар кыргыз-украин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эки өлкөнү кызыктырган маселелер боюнча пикир алышты.
“Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерине берилгендигин белгилеп, эки өлкөнүн гуманитардык, маданий жана билим берүү тармагындагы байланыштарынын чыңдалышына ишенерин билдирди”, - деп жазылган маалыматта.
Элчи Жовтенко кыргыз тарапка конструктивдүү диалог жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин айтты.
24-февралда Орусиянын Украинага кол салганына үч жыл болду. Орусиянын президенти Владимир Путин согуш ачкандагы максатын Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу катары түшүндүргөн. Бирок анын чоо-жайын так айткан эмес.
Кыргызстан Украина–Орусия маселесинде бейтарап экенин билдирип келет. Буга чейин Украинада тынчтыкты орнотуу боюнча эл аралык аракеттерди кубаттай турганын да белгилеген.