Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Нарын шаарында сел жүрдү


Нарын шаары
Нарын шаары

Нарын шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече көчөлөрдү, турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, катуу жаандан соң тоодон түшкөн суу шаардын батыш тарабындагы тоо түбүндөгү бир нече көчөнү каптаган.

“Шаардын Ак-Коргон аймагындагы коктулардан түшүп Чоң-Таш 1, Чоң-Таш 2, Тогуз-Булак, Жаштык, Акыйкат, Рыскулов, Чыргайлуу, Б. Бейшеналиева көчөлөрүн каптап, айрым турак жайлардын ичине суу кирип, короолорун каптаган”-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Учурда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп, чыгым эсептелип жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG