Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Пакистан өкмөтү Дональд Трампты Нобель сыйлыгына көрсөттү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Пакистандын өкмөтү АКШ президенти Дональд Трампты Нобелдин тынчтык сыйлыгына талапкер катары расмий сунуштады. Бул тууралуу жума күнү кечинде жарыяланган билдирүүдө Трамп “Индия менен Пакистандын ортосундагы кризисти жөнгө салууда чечкиндүү дипломатиялык кийлигишүүсү жана башкы лидерлиги үчүн” сыйлыктын ээси болууга татыктуу экени жазылган.

Индия Пакистанды Кашмирдеги талаштуу аймакта болгон террордук чабуулга тиешеси бар деп айыптагандан кийин быйыл май айында эки өлкө кеңири масштабдагы куралдуу жаңжалдын чегине жеткен. Ошол маалдагы ок атышууда ондогон турист каза болгон.

Пакистан бийлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, Трамптын арачылык кылуусу "эки өзөктүк державанын ортосундагы олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон кеңири масштабдагы жаңжалды алдын алды”.

Индия менен Пакистан бири-бирине ракеталык сокку ургандан кийин 10-майда ок атышууну токтотуу келишимине жетишкен. АКШ эки тарап менен тең сүйлөшүү жүргүзгөн. Индия бийлиги мында Трамп кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууда чечкиндүү ролду ээлегенин четке кагып келет.

Reuters агенттиги билдиргендей, бир нече күн мурда Дональд Трамп Пакистандын армиясынын башкы командачысы Асим Мунирди Ак үйдө кабыл алган.

Жума күнү кечинде Трамп Truth Social социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө АКШ Руанда менен Конгонун ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө чоң жылышка жетишкенин айтып, Нобелдин тынчтык сыйлыгын аларынан күмөн санай турганын билдирген.

“Мен бул үчүн Нобель тынчтык сыйлыгын албайм, Индия менен Пакистандын ортосундагы согушту токтотконум үчүн да бул сыйлыкты албайм”, - деп жазды Трамп.

Ал ошондой эле “Орусия менен Украина, Израил менен Иран ортосундагы согуштарды токтоткон күндө да Нобель сыйлыгын албайм” деген пикирин билдирген.

Журналисттер менен сүйлөшүү маалында Трамп: “Мен бул сыйлыкты төрт же беш жолу ала алмакмын, бирок албайм. Анткени Нобелди либералдарга эле беришет”, - деп айтты.

Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын бир нече АКШ президенти алган, алардын ичинен акыркысы - демократ Барак Обама.

Шерине

XS
SM
MD
LG