Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Казакстандын Маңгыстау облусуна пилотсуз учак кулады


Казакстандын Маңгыстау облусунун Болашак темир жол станциясында пилотсуз учак табылганын Lada.kz сайты жазды. Маалыматка караганда, аны жергиликтүү тургундар 19-июнда күндүз табышкан. Алар аппараттын сүрөтүн редакцияга беришкен.

Полиция “учуучу жабдык” калк жашаган жерден алыс жерде табылганын, “эч ким зыян тартпаганын, окуянын чоо-жайы такталып жатканын” билдирди.

Маңгыстау облусунуда дрон биринчи жолу табылып жатат. Буга чейин “Азаттыктын” казак кызматы пилотсуз учактар өлкөнүн Батыш Казакстан облусундагы айыл-кыштактарга кулаганын маалымдаган.

Июндун башында Казакстандын Коргоо министрлиги ошол дрондор Орусияга таандык экенин жана ижарага алынган полигондо учуруланын билдирген.

Орусия менен чектеш Батыш Казакстан облусунда буга чейин аскердик ракетанын фрагменттери табылган. Аймакка коңшулаш Орусиянын Астрахан облусунда Капустин Яр аскер полигону жайгашкан. 2018-жылы Батыш Казакстандан табылган ракета фрагменти ушул полигондон кулаганы айтылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG