Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Австралия Орусиянын кемелеринин портторго кирүүсүнө биринчи жолу тыюу салды


Украин президенти Владимир Зеленский Австралия парламентине онлайн кайрылуу кылып жаткан учуру. 2022-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский Австралия парламентине онлайн кайрылуу кылып жаткан учуру. 2022-жыл.

Австралия Орусиянын көмүскө флотуна таандык делген 60 кемеге санкция киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Пенни Вонг билдирди.

“Орусия бул кемелерди эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө пайдаланат жана мунайды, санкцияга илинген башка товарларды экспорттоону улантууда”, - деди Австралиянын башкы дипломаты.

Жарыяланган чечимге ылайык, Австралия бийлиги мындай кемелерге өлкөгө таандык суу аймагынан чыгып кетүүнү талап кылып, анын көрсөтүлгөн каттам менен чыгып кетишин көзөмөлдөйт жана кайсы бир портторго киргизбей кое алат.

Бул – өлкө тарыхында биринчи жолу санкциялык негизде кемелерге портторго кирүүгө тыюу салынган учур болуп калды.

Министр Вонг Австралия буга чейин эле Орусиянын жарандарына жана компанияларына каршы 1400дөн ашык санкция киргизгенин эске салып, Украинага колдоо көрсөтүү үчүн “катаал чараларды” улантарын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG